• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында жыл башынан бери 59 жол кырсыгы катталган

Аймак 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Ошто "Пешеход" рейди өткөрүлүүдө, - деп билдирет Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгул кызматы.

Маалыматка ылайык, кайгуулчулар менен аймактык тескөөчүлөр биргеликте шаардын аймагында ар жуманын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү "пешеход" рейдин өткөрүүдө.

"Жыл башынан бери шаар аймагында 59 жол кырсыгы катталса, анын ичинен 38и жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда болгон. Мындан улам тынымсыз рейддер өтүп жатат. Жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө карата жалпы 535 протокол түзүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий