• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында жалпы ишембиликте көчөттөр отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-мартта Ош шаарындагы массалык ишембиликтин алкагында Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакка багрянник көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишембиликке Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жалпысынан бүгүн Ош шаарына 500гө жакын көчөт отургузуу пландалууда.

Белгилей кетсек, бул иштер санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий