Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Аба ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөндүгүнө байланыштуу Ош шаарында бүгүн, 22-октябрдан тартып жылуулук бериле баштады.
Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 21-октябрда кол койгон.
Айта кетсек, ЖЭБ жана “Жылуулук камсыздоо” ишканасы шаарга жылуулук берүүнү баштагандан кийин, 3-4 күн аралыгында шаардын бардык аймагы толук жылуулук жетет.
Пикир
Оставить комментарий