Ош шаарындагы 11 бала президенттин белегин алды

Аймак 0

Бишкек, 29.12.22. /Кабар/. Ош шаарындагы 11 бала президенттин белегин алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы мектептерде билим алган 11 бала президент Садыр Жапаровдун атына жаңы жылдык белек сурап кат жазган. Алар смартфон, китеп, таттуу берүүсүн сураган. Президент өспүрүмдөрдүн каалоосун орундатып, белегин жөнөттү.

"Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов балдар менен жолугуп, президенттин белегин тапшырды. Калаа башчы окуучуларды жакшы окуганга үндөп, кең келечек каалады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий