Ош шаарындагы 720 орундуу мектептин курулушу 85%га аяктап калды

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Ош шаарындагы 720 орундуу И.Раззаков атындагы мектептин курулушу 85%га аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, агенттиктин директору Нурдан Орунтаев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аталган мектептин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Белгиленгендей, объекттин курулушу 2013-жылы башталган, курулуш объектиси мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

"Учурда мектептин тышкы жасалгалоо иштери болсо толугу менен бүткөрүлүп, ичин жасалгалоо иштеринин 85 пайызы аткарылылды. Окуу корпусунун курулуш жумуштарын бүткөрүү 2023-жылдын декабрь айына пландаштырылууда. Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш иштери кызуу жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий