Ош шаарынын алыскы конуштарында көчмө клиника иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Ош шаарынын алыскы конуштарында “Аракет” долбоорунун алкагында "Ден соолук кербени" аталыштагы көчмө клиника иштей баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган клиника Эдвокаси адам укуктары борбору уюму менен биргеликте уюштурулду.

Мында "Манас-Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жатаканалардын, "Алымбек-Датка" муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Эдельвейс, Алай-1, Алай-2 конуштарынын жашоочулары текшерүүдөн өтө алышат.

Клиникада эки күн, 5-6-июнда ОшМУнун медициналык адистери, Ош шаарынын үй-бүлөлүк медицина, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана АИВке каршы күрөшүү борборлорунун дарыгерлери тарабынан 23 жаштан 65 жашка чейинки жергиликтүү жашоочуларга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, АИВ-инфекциясына жана гепатит В вирусуна карата текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Ошондой эле (ВИЧ) АИВ/СПИД жана вирустук гепатиттин алдын алуу боюнча тиешелүү маалыматтар берилип, терапевт, кардиолог, ЛОР, невропатолог, окулист, гинеколог, педиатр, уролог, УЗИ жана рентгендик текшерүүлөр өткөрүлөт.

Балдарга, аялуу катмардагы аялдарга, көп балалуу энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий