• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарындагы борбордук базар коопсуз жерге көчүрүлөт – Камчыбек Ташиев

Аймак 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Ош шаарындагы борбордук базар көчүрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев селден жапа чеккен жарандар менен жолукканда билдирди.

Анын айтымында, базар дагы селдин кесепетинен жабыркабашы үчүн толугу менен көчүрүлөт. Анткени сел болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

“Эртең болобу, бир айдан кийин болобу, бир жылдан кийинби дагы сел болушу мүмкүн. Ошондуктан базарды биз коопсуз жерге көчүрөбүз. Жергиликтүү органдар менен бирге жаңы базардан орундарды аласыздар. Коопсуз жерде өзүңүздөрдүн соодаңарды жүргүзөсүңөр”, - деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ал мындан ары Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар болбой тургандыгын, эс алуу жайлар, көпүрөлөр алынарын белгиледи.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын жана бир катар айылдарды каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүн - 4 адамды, ошондой эле борбордук базарда бир аялды сел агызып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий