Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Ош шаарындагы Чкалов көчөсү Р.Абдыкадыров көчөсүнөн баштап Г.Айтиев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жана Моминова көчөсү менен кесилишине жаңыдан асфальт төшөлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ал эми тротуар жана ирригациялык тармагы толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Мында жолдун кеңдиги 7 метрди түзөт.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аталган жумуштар менен жеринде таанышып чыкты.
Пикир
Оставить комментарий