Бишкек, 13.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Ош шаарындагы жалпы жума окулуучу мечиттерде айт намазы санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү.
Муфтияттан кабарлашкандай, элдин көпчүлүк бөлүгү “Сулайман-Тоо” мечитине келип, айт намазын окуду.
"Мечиттин айланасы кенен болгондуктан, келген элдин көпчүлүгү сыртта, таза абада намаз окушту. Ал эми мечиттин ичиндеги жамаат аралыкты сакташты", - деп айтылат маалыматта.
Айт намазга келген элге Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баяндама жасашып, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.
Пикир
Оставить комментарий