• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Акбарали Батыров, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, бей өкмөт уюмдардын, ММК өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Коомдук угууда Акбарали Батыров Ош шаарынын 2020-жылга бюджети, 2021-2022-жылдарга болжолу тууралуу маалымат берди.

Ал эми шаар тургундары комиссиясынын мүчөлөрүнө оозеки жана жазуу түрүндө сунуш пикирлерин, суроолорун беришти. Коомчулуктан келген суроо, сунуш-пикирлер Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында эске алынаары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий