Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Ош шаарынын айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун кирдеши нормадан жогору болгон.
Мындан улам Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичирайондоруна жана Достук, Калинин массивтеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду.
Пикир
Оставить комментарий