Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы белгиленди.
Шаар мэри Алмаз Мамбетов миңдеген жарандар менен Жаңы жылды аянттан тосуп, калаа тургундарын жана конокторун куттуктады. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков да катышты.
Майрам фейерверктер менен коштолуп, концерттик программалар тартууланды.
Пикир
Оставить комментарий