• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарынын мэри БУУнун жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 11-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов БУУнун Кыргыз республикасындагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушту.

Жолугушууда эки таптуу ишке ашырылган программалар талкууланып, ушул жылы аткарыла турган программалардын долбоорлору жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү.

“Биз менен калыптанып калган достук мамилелерибизди жана Ош шаарынын социалдык өнүгүүсүнө ошондой эле тынчтыктын орноосуна багытталган программалардын ишке ашуусуна кошкон баа жеткис салымыңыздарды жогору баалайбыз. Ош шаарындагы билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө кошкон салымыңыздар бизди кубандырбай койбойт. Ошондуктан сиздер тараптан көтөрүлгөн сунуш, долбоор биз үчүн өтө маанилүү”, - деди Т.Сарыбашов.

Өз кезегинде Озонниа Ожиело мырза БУУ Ош шаарынын мэриясы менен мындан ары да кызматташууга, бир нече долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Жыйында эки тарап кызматташууну тереңдетүү багытында сүйлөшүшүп, долбоорлор туурасында ой бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий