• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош шаарынын мэри оңдоп-түзөөдөн өткөн көчөлөрдү кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов капиталдык оңдоодон өткөн көчөлөрдү кыдырды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы алгач Масалиев кең көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен жеринде таанышты.

Мэр тиешелүү кызматтарга жолдун айрым жерлерине бордюрларды орнотууну аягына чыгаруу, А.Навои көчөсүнөн Монуев көчөсүнө чейинки бөлүктөгү ирригациялык түтүктөрдүн үстүн толук ачып чыгууну тапшырды.

Мындан сырткары, мэр Ленин көчөсүнө барып, Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөөдөн өткөн жолду көрүп чыкты.

Бул жерде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине бир катар аткарыла турчу жумуштарды мөөнөтүндө бүткөрүү, көрктөндүрүү жана тазалыгын көзөмөлгө алуу боюнча тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий