Ош шаарынын мэри сейил бакта жаштар жана активисттер менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаадагы жаштар жана жаш активисттер менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мэр Ош шаарынын келечектүү багыттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

"Ал эми жаштар мэриянын колдоосу менен жаштар арасында интеллектуалдык таймаштарды кайрадан баштоо демилгесин айтышты. Бул демилгени Алмаз Мамбетов колдоого алды. Ошондой эле Ош шаарынын мэринин атынан студенттерге стипендия уюштуруу маселеси көтөрүлдү. Бул боюнча быйылкы жылдын күзүндө республикалык деңгээлдеги мыкты студенттерге стипендия берүү системасын киргизүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун активдүү катышуучуларына кызыктуу суроолору жана сунуштары үчүн Ош шаарынын мэринин белектери – сааттар, галстуктар, сумкалар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий