Ош шаарынын мэри жарандардын кайрылууларын жеринде угууда

Аймак 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-сентябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы №177-көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугушту. Блу тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ергиликтүү тургундар калаа башчысынан С. Айни көчөсү менен кесилишкен жерден №10 автобустун акыркы аялдамасына чейин 1,5 чакырым жолду асфальттап берүүнү суранышты.

Мэр келерки жылы аталган жолго асфальт төшөө планы бюджетке киргизилээрин билдирди. "Келерки жылы шаардын кичи райондорунун жолдоруна асфальт төшөө иштери жигердүү уланат", - деп баса белгиледи мэр.

Мындан сырткары, шаар башчысы Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Орке айылынын жашоочулары менен жолугушуп, алардын жаңы фельдшердик-акушердик пуктунун курулушу, жакында башталган Курманжан-Датка көчөсүндөгү узундугу 1 чакырымга жакын жолду асфальттоо иштерин тездетүү, Ч.Түлөбердиев атындагы №34 мектептин эски имаратын бала бакчага ылайыкташтыруу, жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуу, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча маселелерин укту.

Анын натыйжасында калаа башчысы тарабынан тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди:

- Жапалак айыл аймактык кеңеши тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелеринде жарандарга жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- Курманжан-Датка көчөсүндөгү жолду асфальттоо жана жогоруда аталган мектептин имаратын максатка жараша ылайыкташтыруу иштерин жүргүзүү;

- Жаңы ФАПтын курулушунун долбоорун келерки жылдын бюджетине киргизүү.

Пикир

Оставить комментарий