• 89.41
  • 96.91
  • 0.97

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 кг ашык марихуана табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 кг ашык марихуана табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго (УКТ) жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20-сентябрда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы даректердин биринен (Совет көчөсү, №95 үй) 5 килограмм 190 грамм “марихуана” табылып, алынды.

Азыркы учурда тергөө жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий