Бакыт Төрөбав "Джунда" ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбав Кытайга болгон жумуш сапарынын алкагында Шэньси көмүр химиялык мамлекеттик корпорациясынын "Джунда" ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүүсү болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай өнөр жай тармагындагы кызматташуусу, Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан “Чайна Петрол Компани Джунда” ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводун модернизациялоонун экинчи этабын баштоо боюнча маселелер каралды.

Кытай тарап өз ара мамилени чыңдоого даяр экенин билдирип, Кытайдын Шэньси провинциясынын өкмөтү "Джунда"долбоорун улантууга өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Шэньси провинциясынын өкмөтүнүн деңгээлинде "Джунда" долбоору боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөндүгү айтылды.

Ошондой эле кыргыз делегациясын баштап барган Бакыт Төрөбаев "Шеньсий геологиялык чалгындоо корпорациясы" компаниялар тобунун жетекчилиги менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы геологиялык чалгындоо, тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүктү жаңы деңгээлге көтөрүү маселелерин талкуулады.

Анда Кыргызстандын аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораторияны түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу үчүн корпорациянын адистери жакын арада Кыргызстанга келери белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий