Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Ош шаарынын жолдоруна 32 тонна туз, 11 тонна кум себилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн таң эрте Оштун жолдорун кардан тазалоо иштерине “Ош-Тазалык”, "Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты”, "Ош шаардык жолдор башкармалыгы" муниципалдык ишканаларынын 13 атайын техникасы тартылган.
Пикир
Оставить комментарий