Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Мындан ары 20:00дөн кийин да аянттан унаа менен жүрсө болот. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарынын борбордук аянтында 20:00дөн 07:00ге чейинки чектөө алынып салынды.
Буга чейин айдоочулар каттоодогу ыңгайсыздыктар үчүн даттанып келишкен болчу.
Пикир
Оставить комментарий