• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун башчысы памирлик кыргыздар үчүн курулуп жаткан соцшаарча менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн социалдык шаарча курулууда. Аталган шаарчанын курулушу менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, шаарчанын курулушу былтыр сентябрь айында башталган. Шаарчаны курууга 30 гектар жер трансформацияланган. Учурда турак жайлардын жана 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат.

Шаарчада жалпы 165 турак үй, бала бакча, оорукана, дүкөн жана башка социалдык объектерди куруу пландалган.

Социалдык шаарчанын курулушуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий