• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош: Таза суу долбоору ишке ашты

Аймак 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Ош шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо көп жылдан бери негизги көйгөй болуп келген жана бул маселе этап-этабы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечилип жатат. Бул тууралуу Оштун мэри Бакытбек Жетигенов Бишкекте жыл жыйынтыгы чыгарылган жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, I этапта эски иштебей турган 9 скважина калыбына келтирилип, жаңы 6 скважина бургуланып, суу чыгарылып, негизги суу түтүктөрүнө уланып, кошумча суткасына 24 миң куб суу алууга мүмкүнчүлүк жаралды.

II этапта сыйымдуулугу жалпы 24 000 м3 болгон 4 суу кампасы курулуп, август айында пайдаланууга берилди.

Мындан сырткары, Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып түшкөн жердин үстүнөн ашар жолу менен 8 млн сом акча каражатына диаметри 1 000 мм болгон 750 метр суу түтүкчөсү Озгур суу тазалоочу станциясына тартылды. Ал суу түтүгү аркылуу суткасына 45-50 миң куб суу станцияга толтурулат. Бул 6 000 м3 8 суу кампаны алмаштырат.

III этапта Азия Өнүктүрүү банкынын гранттык каражатынын эсебинен Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып түшкөн жердин үстүнөн 2,4 километр болгон аралыкка диаметри 1 000 мм болгон суу түтүгүн орнотуу жана жаңы суу коргонун куруу менен “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын плотинасына кошуу долбоорун ишке ашыруу жумуштары башталды.

Пикир

Оставить комментарий