• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош жана Баткен облустарында интернетке жеткиликтүүлүк жогорулады

Аймак 0

Бишкек, 10.09.2024 /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов “DCASA – Кыргыз Республикасы” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн текшерүү максатында Баткен жана Ош облустарына барды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө бул аймактардагы социалдык объекттерде сапаттуу интернет-байланышка жеткиликтүүлүктүн деңгээли кыйла жакшыргандыгы айтылды.

Долбоордун алкагында Баткен облусунда 227 калктуу конуштун 80%дан ашыгы, ал эми Ош облусунда 541 калктуу конуштун 431и интернет менен камсыздалган. Баткен облусундагы була-оптикалык байланыш линиясынын узундугу 97 чакырымга жетти.

Ал эми Ош облусунда 1154 социалдык объекттин 713ү, анын ичинде мектептер жана фельдшердик-акушердик пункттар интернетке туташтырылган. Медициналык мекемелер иш кагаздарын электрондук форматта жүргүзүүгө өтсө, бейтаптарды тейлөө тездеп, иштин натыйжалуулугу көтөрүлөт. Мектептер болсо, заманбап билим берүү технологияларын колдонууга мүмкүнчүлүк алышат, бул окутуунун сапатын жогорулатат.

Замирбек Кожомуратов интернетке жеткиликтүүлүктү гана камсыз кылбастан, анын жогорку сапатына кепилдик берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Маалымат үчүн: “DCASA – Кыргыз Республикасы” долбоору өлкөнүн айылдардын жана алыскы райондордун маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий