• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ош жана Баткен облустарында сел жүрүп, ыкчам топ тартылды – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 08.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ош жана Баткен облустарында сел жүрүп, ыкчам топ тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 15:49 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Баткен районундагы Айгүлташ – Согмент –Таян унаа жолунун 3-8-чакырымы кум-шагылга толтуруп, жол каттам жабылган.

Ошондой эле Кара-Булак айылында сел өтүүчү сайга сел суусу келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Баткен шаардык ӨКБдан ыкчам топ тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, Лейлек районунда саат 12:45 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Раззаков – Андарак – Көк-Таш унаа жолун жана Тогуз-Булак – Миң-Жыгач айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолду кум шагылга толтуруп, Ынтымак айылында Откорм тилкесинде 1 турак үйдүн короосун каптаган. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 экскаватор, 10 адам тартылган.

Ош облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Үч-Коргон – Дароот-Коргон унаа жолунун 23-27-чакырымынын 5 жеринде сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Гараж, Анипа, Чогорок, Шамбесай жана Ак-Чечек сел өтүүчү сайларынан сел суусу агып, 1400 метр ички чарбалык жол бузулган (жол каттам убактылуу жабылган). Жерине Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, 3 экскаватор, 1 жүк ташуучу унаа тартылды.

Алай району боюнча алдын ала маалыматка ылайык, саат 15:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 70-71-чакырым аралыгын кум-шагылга толтуруп, унаа жол эки тараптуу жабылган. Жерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылган.

Белгилей кетсек, ӨКМ 8-12-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү, таш кулоолор болоорун эскерткен.

Айрыкча Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Токтогул райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Ат-Башы жана Нарын райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешүүсү мүмкүн.

Ошондой эле Бишкек – Ош, Ош – Сары-Таш – Эркечтам, Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы), Балыкчы – Бөкөнбаев, Талды-Суу – Арал, Ош – Исфана, Мырзаке – Кара-Шоро, Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолдорундагы бир катар сел жана таш кулоо процесстери активдешери маалымдалган.

“Жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалга кабылганда 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий