• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 05.04.22./Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында КРнын Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө өткөн жылы бир топ ийгиликтерге жетишкен спортчулар жана машыктыруучулар сыйланышты.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Канат Шабданбаев, Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Б.Абакиров спорт тармагынын өнүгүшүнө салым кошкондорго Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Жалпысынан Ош шаарынын дене тарбия жана спорт тармагынын 50дөн ашык кызматкерлери, анын ичинен 10дон ашык машыктыруучулар сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий