• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто синтетикалык баңгизатты сатууга жана колдонууга шектүү 5 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Ош шаардык милиция кызматкерлери тарабынан синтетикалык баңгизатты сатууга жана колдонууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ыдайык, шаардык ички иштер башкармалыгынын баӊги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү (СБНОН) кызматы ушул жылдын январь жана февраль айларында Ош шаарынын аймагында белгисиз адамдар тарабынан дубал беттерине, курулуш объектилерине жана башка көрүнүктүү жерлерге белгисиз адамдар тарабынан электрондук даректердин жазылып жаткандыктарына өзгөчө маани берип, бул электрондук даректердин ээлерин табуу боюнча ыкчам иш алып бара башташкан.

"Бул даректерде наркотикалык заттар сатылышы мүмкүн экендигине шек жаралган соӊ, оперкызматкерлер өзгөчө көӊүл буруу менен иликтешти. Жазуулар пайда болгон учурдан тартып эле, милиция кызматкерлери Ош шаардык жаштар комитетинин кызматкерлери менен биргеликте аныкталган бардык даректерди жок кылып чыгышкан болчу", - деп айтылат маалыматта.

Оперкызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир нече күндүк ар тараптуу иш аракеттер, топтолгон далил маалыматтардан соӊ, 2022-жылдын 29-март күнү атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен Ош шаарынын Алиева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен , шектүү 5 адамды кармашкан.

Иликтөө иштеринин жүрүгүшүндө кармалган 5 адамдын бири аталган үйдүн жашоочусу 1978-жылы туулган И.А. тарабынан синтетикалык баңгизаттар сатылып жаткандыгы аныкталган. Калган кармалган 4 жаран шектүүдөн синтетикалык баңгизатты пайдалануу үчүн келгендигин айтышкан. Алар шаар тургундары: 1990-жылы туулган С.Э., 1983-жылы туулган К.Н., 1983-жылы туулган К.Р. жана 1978-жылы туулган Б.Ж.

Шектүүнүн жанынан салмагы 0.5 граммды түзгөн синтетикалык баңгизат алынган. Ал эми шектүү жашаган турак-жайды тинтүү учурунда атайын боек чачууда кийүүчү кол каптар, электрондук даректер оюлуп жазылган трафареттер, бир нече боек балондору кылмышка далил буюмдары катары алынды.

Жашыруун баңгизаттарды сатуучу жай (притон) уюштурганга шектүү катары үйдүн 44 жаштагы жашоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Дарек боюнча кармалышкан калган 4 жаранга баңгизат колдонгондугун аныктоо максатында атайын экспертиза дайындалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын баӊги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы бардык жарандардан баңгизаттардан сактанууга, дубал беттеринен шектүү даректер болсо кабарлап турууну суранат. "Ошондой өз уул-кыздарыӊыздардын жүрүм-түрүмүнан шек санасаӊыз, анын жанынан белгисиз даректер оюлган трафареттерди көрүп калсаӊыздар токтоосуз тиешелүү аракеттерди көрүүнү суранат. Биздин байланыш телефондор 0700-56-59-69 же 102", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий