• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Ошто жаш дарыгерлер үчүн бош орундар жарманкеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Ошто жаш дарыгерлер үчүн бош орундар жарманкеси өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Облус аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринде жетишпеген кадрларды тартуу максатын көздөгөн жарманке ОшМУнун имаратында уюштурулган.

Белгилей кетсек, Ош облусунда 2 миң 277 дарыгер, 6 миң 892 орто медицина кызматкер эмгектенишсе, 118 дарыгердин жетишсиздиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий