• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстанда 3 айда аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө 353 млн сомго кепилдик берилди

Экономика 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Жыл башынан бери "Кепилдик фонду" ААК тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 353 млн сомдон ашык суммадагы кепилдиктер берилди. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Кепилдик фонду ишкердик менен алектенген аялдарга артыкчылыктуу колдоо көрсөтүүнү улантууда.

"Жыл башынан бери жана ушул жылдын 10-апрелине карата 353 млн сомдон ашык суммага 529 кепилдик берип, аялдардын ишкердигин колдоого алды жана берилген кепилдиктер 754,9 млн сом өлчөмүндө кредит алууга мүмкүнчүлүк түздү", - деп айтылат маалыматта.

"Кепилдик фонд" ААКтын ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүсүнө 1 млрд 713 млн сомдон ашык суммага 1570 кепилдик берди. Көрсөтүлөн кепилдик колдоо ишкерлерге 5 млрд 200 млн сомдон ашык суммада банктык кредиттер берилгенине шарт түздү.

Пикир

Оставить комментарий