• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Ош жана Чүй облустарында габион торчолорун чыгарган ишкана ачылат

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накай менен жолукту.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, кезектеги эки тараптуу жолугушууда буга чейин «ӨКМдин габион торчолорун өндүрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу» боюнча түзүлгөн макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга ылайык, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАТП) алкагында Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен министрликке габион торчолорун автоматтык түрдө өндүрүүгө ылайыкталган атайы жабдыктар жана 4 жүк ташуучу унаа алынып, ишкана ачылары күтүлүүдө.

Жакынкы арада министрликтин алдында өлкөнүн Ош жана Чүй облусунда атайын ишкана ачылып, канал, арыктардын жээктерин бекемдөөдө колдонулуучу габион торчолорун 4 эсе көп көлөмдө чыгарууга шарт түзүлөт.

Ошондой эле ишканада иштей турган адистер да ДАТПнын алкагында окутуудан өтөрү белгилүү болду.

Маалымат катары айтсак, буга чейин табигый кырсыктардан улам турак-үйлөрдү жана айдоо аянттарын суу, сел ташкындарынан коргоодо жээктерди бекемдөөгө колдонулуучу габион торчолорун өндүрүү колго жасалып, узак убакытты талап кылуу менен керектөө муктаждыгын толук жаппай келген.

ӨКМ менен аталган БУУнун программасынын узак убакыттан берки кызматташуусунун алкагында бир катар долбоорлор ишке ашып келет.

Алардын бири катары ДАТП тарабынан азык-түлүк коопсузудугу максатында Баткендеги чек ара окуясынан жабыркаган калкка жардам түрүндө 230 тонна жогорку сорттогу ун, 400 тонна өсүмдүк майы берилип, алдыңкы убакытта дагы 170 тонна келери күтүлүүдө.

Ошондой эле 2023-жылы чек арада жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам жана акчалай колдоо көрсөтүлөрү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий