• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ош жана Сиань шаарлары эки тараптуу байланыштарды өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 18.11.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарынын Элдик саясий кеңешинин төрагасы Ван Жидэ баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жолугушууда тараптар соода-экономика, туризм, билим берүү, маданият тармактарында тажрыйба алмашуу, айыл чарбасында технологияларды өнүктүрүү жана экология жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты.

Жыйынтыгында Ош жана Сиань шаарларынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Эскерте кетсек, 2019-жылы эки шаар ортосундагы туруктуу достук жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий