• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ош жана Жалал-Абад облустарында беш мамлекеттик дарыкана ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 03.03.24./Кабар/. Бүгүн өлкөнүн түштүгүндө беш “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын, Ош облустар аралык тери-венерология борборунун, Ноокат Жалпы дарыгерлик практика борборунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун базасындагы мамлекеттик дарыканалар ачылуу аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө “Эл Аман” мамлекеттик аптекасы карапайым калктын жыргалчылыгы үчүн ачылып жатканын, дары-дармектердин баасы жеке дарыканаларга караганда алда канча арзан экенин баса белгиледи. Учурда мамлекеттик дарыканаларда дары-дармектердин 2500 миңге жакын түрү бар жана келечекте алардын ассортиментин дагы көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, республика боюнча жалпысынан 74 «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы иштей баштады.

Пикир

Оставить комментарий