• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош Жылуулук электр борбору гидравликалык сыноо жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Ош шаарында 25-30-сентябрь күндөрү магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарында суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдиги текшерилип, бузулган жерлерди аныктоо үчүн гидравликалык сыноо жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош Жылуулук электр борбору билдирет.

Маалыматта айтылгандай, жылуулук энергиясын пайдаланган бардык керектөөчүлөр жылытуу системасындагы түтүктөр туташкан жерлердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабуулары зарыл.

Гидравликалык сыноо жана жууп-тазалоо 4 этапта жүргүзүлөт:

1 - этап: (25 - сентябрдан 26-сентябрга чейин) Курманжан-Датка, Ленин, Г.Айтиев, Амир-Темур, Супаналиев, Алиев, Абдыкадыров көчөлөрү.

2 - этап: (26-сентябрдан, 27- сентябрга чейин) А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Кара-Суу, Өзгөн, Ы.Монуев, Ашимахунов, А.Навои, А. Шакиров, Ош көчөлөрүндө (облустук аскер комиссариятынан Ош районуна чейин).

3- этап: (27- сентябрдан 28- сентябрга чейин ) М-3 Ø700мм Автотрестке чейин, У.Салиева, И.Раззаков, Касымбеков, Жим, Тынчтык (Мир), Жаңы-Чек көчөлөрү (Ош районунан жылуулук электр борборуна чейин).

4 - этап: (29- сентябрдан 30- сентябрга чейин) Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) поликлиникасы, Медициналык факультет, «Ошэлектро» ААК, Ош райондук электр тармактары (Ош РЭС), юридикалык академия, «Барчын» профилактикалык санаториясы, «Мир семьи» поликлиникасы, М-2 Ø500мм.

Ош Жылуулук электр борбору бардык керектөөчүлөрдү суу бекиткичтерди өз убагында жабууну, мүмкүн болушунча жогоруда көрсөтүлгөн күндөрү үйдө болууну, жумушта болгондор жакындарына дайындап, батирлерин көзөмөлсүз калтырбоону суранат.

Ишканадан эскертишкендей, авариялык учурга Ош ЖЭБи жооп бербейт. Байланыш телефондору: 8-52-89, 8-52-52, (0556 085 252).

Пикир

Оставить комментарий