• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарын шаарына 168,6 млн сомго мектеп куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. Нарын шаарына Ж.Чолпонбаев атындагы 375 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендер Архитектура, курулуш жана турак жай чарба мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы тарабынан жарыяланды.

Пландалып жаткан сумма 168 млн 611 миң 282 сомду түзөт, тендерге катышуу боюнча билдирүү калтыруунун мөөнөтү 24-ноябрга чейин.

Пикир

Оставить комментарий