Бишкек, 20.09.22 /Кабар/. Кечээ, 19-сентябрда Ош шаарында Баткенден эвакуация болуп келген үй-бүлөдө уул бала төрөлдү.
Мэриядан билдиргендей, ымыркайга Эламан деген ысым коюлду, бул "эл аман болсун" деген маанини түшүндүрөт.
Наристенин апасы - Керимбек кызы Каникей 1994-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну.
Пикир
Оставить комментарий