• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунда көчөт отургузуу өнөктүгү старт алды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында “Бир мекеме — 100 көчөт” өнөктүгү старт алды, деп билдирет президентин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Өнөктүккө ылайык, ар бир облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалар, менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар сезон ичинде 100 көчөт отургузуусу абзел.

Көчөт отургузууну уюштуруп, ишке ашырууда, райондук токой чарба кызматтары ар бир мекемеге жер аянттарын аныктап берүү жагы жүктөлгөн.

Өкүлчүлүктөн 23-мартта болчу ишембиликте ар бир мекемени көчөт отургузуу иштерине активдүү катышууга чакырышты.

"16-мартта облус аймагында жалпы 8 458 көчөт отургузулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Бир мекеме — 100 көчөт” демилгеси президенттин “2022-жылы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына жана министрлер кабинетинин тескемесинин иш-чаралар планынын “Жашыл мурас” өнөктүгүн ишке ашыруу максатында колго алынды.

Пикир

Оставить комментарий