• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ОшМПУда студенттик илимий конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессор Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата “Жаңы маалыматтык технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин өнүгүшү” аталышындагы аймактык илимий конференция болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Бишкек шаары, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы ЖОЖдордун студенттери илимий жетекчилери менен бирге катышты.

Конференциянын жүрүшүндө университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучулар алгач Мадраимовдун өмүр таржымалын чагылдырган тасмага күбө болушту. Аны улай пленардык жыйында студенттер өз баяндамаларын жасашты.

Университеттин окуу иштери боюнча проректору Равшанбек Абсатаров конференция жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгилеп, иш-чаранын жүрүшүнө токтолду.

“Конференцияга жалпы 119 макала келип түшкөн. Катышуучулар 5 секцияга бөлүнүп, макалаларын коргошту. Ал эми пленардык жыйында баарыбыз күбө болгон баяндамалар өзгөчө жана мыкты болду деп белгилейм. Мындан сырткары, секциялык жыйындарга бөлүнгөн студенттердин баяндамаларын коргогон соң, жыйынтык чыгарабыз. Бүгүнкү конференцияда эң мыкты макала ээлери үчүн акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшрылат”-деди Абсатаров.

Секциялык иштердин жыйынтыгы чыгып, конференциянын резолюциясын кабыл алышты. Андан соң мыкты баяндамачылар уюштуруу тобу тарабынан сыйлыктарга ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий