ОшМУ Нанкин технологиялык институту менен “2+2” программасы боюнча кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети Нанкин технологиялык институту менен “2+2” программасы боюнча кызматташат.

ОшМУдан билдиришкендей, эки окуу жайдын ортосунда ишке ашуучу “2+2” программасы боюнча келишимге 29-майда окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жана Кытайдагы Нанкин технологиялык институтунун партиялык комитетинин катчысынын орун басары Пу Лицзэ ОшМУда болгон жолугушууда кол койду.

Жолугушууда “2+2” программасын аяктаган студенттер Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы достук, кызматташуу мамилерин чыңдоого салым кошорун белгилешти.

Келишимге ылайык логистика, программалык инженерия, жасалма интеллект багыттары боюнча адистер даярдалып, студенттердин, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү ишке ашат.

Ушул жылдын апрель айында ректор Кудайберди Кожобеков иш сапары менен Нанкин технологиялык институтунда болгон. Иш сапардын жүрүшүндө ОшМУ, «Кыргыз унаа курулуш» компаниясы, Кытайдан Нанкин технологиялык институту, Нанкин транспорттук институту, Нанкин Цзюли групп компаниясы, Өзбекстандан Жизак мамлекеттик техникалык институту, Өзбекстандын транспорт министрлигинин Жизак областынын өкүлчүлүгү биргеликте «Чжэнхэ - Борбор Азия инновациялык стратегиялык кызматташтык Өндүрүш-Университет-Изилдөө-Инновация» борборун ачуу келишимине кол койгон.

Аталган борбор негизинен Борбор Азия аймагында техникалык багыттарда өндүрүшкө керектүү адистерди даярдайт. Көп тараптуу келишимдин негизинде ОшМУда институт ачылып, азыркы учурда эң актуалдуу болуп жаткан кайра калыбына келүүчү энергия булактырынын инженериясы жана технологиясы, маалыматтык инженерия, программалык инженерия, логистика жаатында бакалаврларды даярдоону макулдашышкан.

Нанкин технологиялык институтунан келген коноктор окуу жайдын 85 жылдык мааракесине арналган иш-чараларга катышат.

Пикир

Оставить комментарий