• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

ОшМУ робототехника багытында адистерди даярдай баштайт

Аймак 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университети, Кытайдын Цзямуси институту жана Huibo Robotics команиясынын ортосунда 3 тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.

Окуу жайдан билдиришкендей, кол коюу аземине ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган тиешелүү структура жетекчилери, Huibo Robotics команиясынын вице-президенти Цуй Сяохуэй баштаган өкүлдөр жана Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь баштаган өкүлдөр катышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков аталган комания менен биргеликте 31-майда “Келечек муундун ХАБы” борбору ачылгандигин билдирди.

"Бүгүн ошол иштердин экинчи этабы катары мехатроника жана робототехника адистиги боюнча бакалавр адистиктерин даярдоо башталып жатат. Бул адистиктин учурдагы актуалдуулугу эске алынып, мамлекет тарабынан быйыл 50 гранттык орун берилгди", - деди ал.

Цзямуси кесиптик институтунун партиялык комитетинин секретары Ян Сянцзюнь ОшМУ менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. "Алдыда сиздердин окуу жай менен бир топ долбоорлорду биргеликте ишке ашырабыз. ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту менен биргеликте окуу пландарын талкуулап, чогуу иш алып барабыз. Андан сырткары тажрыйба алмашууга окутуучуларды жиберүү, алмашып окутуу иштерин жүргүзөбүз. Кийинчерээк эки окуу жайда шайкеш келген факультеттер менен да иштешип академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашырсак деген сунуштар бар”,- деп билдирди.

Белгиленгендей, "Келечек муундун ХАБы" борбору жасалма интеллект, робототехника, маалыматтык технологиялар боюнча билим, илим, практика айкалышкан лабораториялык база болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий