• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 21-июлда саат 20:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Таш-Короо айылында -2,5 балл, Эңилчек айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий