• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шакиев Кызыл-Жылдыз айылындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты

Аймак 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында К.Акиев атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Парламенттен билдиришкендей, бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында мектептин ачылыш аземине катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн төрага улуу акындын атын алып жүргөн мектептин жаңы имаратынан мыкты уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирип, Жумгал жергеси эзелтен таланттарга бай экенин белгиледи.

Ошондой эле мамлекетте жасалып жаткан иштерге токтолгон Нурланбек Шакиев: “Акыркы үч жылда мамлекеттин казынасы үч эсе өсүп, бардык тармактарда ийгиликтер болууда. Айрыкча билим берүү жаатында көп жумуштар жасалып, жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, агартуучулардын айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да көптөгөн иштер жасалып, ири долбоорлор ишке ашырылат”, – деди.

Пикир

Оставить комментарий