ОшМУда чет элдик студенттер үчүн ыкчам штаб түзүлүп, иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков 18-майда эл аралык медицина факультетинде болуп, чет элдик студенттер менен жеринен жолугушуу уюштурду. Жолугушууда атайын ыкчам штаб түзүлүп, аны ректор өзү жетектеди.

Иш план түзүлүп, бекитилген. Ага ылайык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ички иштер министрлиги, коопсуздук кызматы менен биргеликте иш алып барылып жатат. Нөөмөт графиги бекитилген, студенттер менен психологдор иштешүүдө, андан сырткары окуу жайдын клиникасы да тартылган.

Учурда 24 саат көзөмөл болуп, студенттер менен байланышып, керектүү тамак-аш азыктары жеткирилип жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин жана ОшМУнун атайын буйругунун негизинде окуулары онлайнга өткөрүлдү. Окуу жайда 4 аймакка колл-центр уюштурулган, суроолорго жооп берилип жатат. Социалдык тармактарда студенттер түзүлгөн шарттарга, камкордукка ыраазычылык билдирип жазышууда.

Пикир

Оставить комментарий