ОшМУда "Келечек муундун ХАБы" борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. ОшМУнун 85 жылдык мааракесине катара окуу жайда "Келечек муундун ХАБы" ("Next Generation HUB") борбору ачылды. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана ШКУга кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат. Бул борбор Кыргызстан үчүн гана эмес коңшу өлкөлөрдөгү робототехника тармагынын өнүгүүсүнө салым кошот.

ОшМУнун тарабынан бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар алып келинди. Жалпы лабораториялык борборго 7 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Пикир

Оставить комментарий