• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Ош шаарында бүгүн, 6-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин мемориалдык комплекстерине жана эстеликтерине гүл коюлду.

Эскерүү иш-чарасына Ош шаарынын вице-мэрлери, легендарлуу парламенттин депутаттары мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана жаштар катышты.

"Өчпөс от" мемориалдык комплексинин жанына гүл коюлуп, бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерилди. Мындан тышкары, бүгүн Ош шаарындагы башка мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду.

Белгилей кетсек, 7-8-ноябрь күндөү Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болуп белгиленет. Бул боюнча жарлыкка 2017-жылы кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий