ОшМУнун 85 жылдык мааракеси чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине арналган салттанаттуу иш-чаралар жыйынтыкталды.

Окуу жайдан билдиришкендей, Ош шаарынын борбордук стадионунда өткөн жыйынтыктоочу чоң программадагы шоу-концертте министрлер кабинетинин төрагасы, ОшМУнун ардактуу профессору Акылбек Жапаров өлкө башчысыСадыр Жапаровдун куттуктоо сөзүн жолдоду.

“ОшМУ бүгүн өлкөдөгү университеттердин сап башына чыкты. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү бүгүн өлкөнүн гана эмес чет өлкөлөрдүн да чар тарабында, ири мамлекеттик кызматтарда, билим менен маданият тармактарында, күч түзүмдөрүндө жана башка тармактарда ийгиликтүү иштеп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө бараандуу салым кошуп келе жатат. Учурда өлкөбүздүн билим берүү системасы кечиктирилгис реформаарды талап кылган чакырыктардын алдында турат.

Мындан улам 2021-жылы Кыргызстандын билим берүү системасында алдыңку 5 жогорку окуу жайга “Өзгөчө макам” ыйгарылды. Анын ичинде ОшМУда бар. Санариптик технологиялар, инновациялар билим берүү тармагынын ажырагыс бөлүгү болуп жаткандыгын, алгачкылардан болуп өлкөдө ОшМУ электрондук окууга, санариптик тейлөөгө өткөнүн баса белгилеп кетким келет.

Жогорку окуу жай илим-өндүрүш-коммерциализациялаштыруу алакасын ийгиликтүү ишке ашырууда. ОшМУнун жамааты жана студенттери бүгүнкүдөй демиңиздерден жазбай заман агымы менен артта калбай, сергек ой жүгүртүү менен жаратмандык маанайда дагы көп бийиктиктерди багындырышыңыздарга ишенем”,- деп айтылат куттуктоодо

Мааракелик иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы, билим берүү жана илим министри, Жогорку Кенештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Америка, Япония, Польша, Россия, Чехия, Сауд Аравия, Корея, Турция, Кытай жана башка коңшу өлкөлөрдөн келген өнөктөш окуу жайлардын, Кыргызстандагы окуу жайлардын ректорлору, окумуштуулары, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, мекеме-уюмдардын жетекчилери, ОшМУдан билим алып, түрдүү тармактарда эмгектенип келе жаткан сыймыктуу бүтүрүүчүлөр, студенттер, шаар тургундары катышты.

Майрамдык салтанат билим берүүнү камтыган театрлаштырылган көрүнүш менен башталды. Келген көрүүчүлөргө ОшМУну чагылдырган видео-ролик тартууланып, окуу жайдын 85 жылдык тарыхында салым кошкон жетекчилердин жасаган эмгектери тууралуу баян көрсөтүлдү.

Мааракени КР Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Керим Турапов, КР Эл артисти Бек Борбиев, Малика Дина, Бактияр Токторов, Жийдеш Идирисова, Замир Мырза, Султан Садыралиев, JAХ, Freeman 996, PPTV тобу шаңга бөлөдү.

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып жазылган “ОшМУ билим ордосу” чыгармасы ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү Замир Мырза, Эмил Балтагулов, Айпери Кулбаева, Эламан Жалаловдун аткаруусунда жаңырды.

Кеченин сценайи Жаңылай Исакова, Улукбек Омокеев, Мелис Маматжанов тарабынан жазылып, майрамдык салтанат УТРК-Ош жана ОшТВ телеканалдары аркылуу түз эфирде чагылдырылып турду. Кечени алып баруучулар Алина Баженова, Расул Багышбаев алып барды.

Мааркенин алкагында ОшМУда "Келечек муундун ХАБы" борбору ачылды. Ошондой эле, ата мекендик 67 бизнес компаниялар жана Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан көргөзмө уюштурулуп, “Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аттуу эл аралык форум өттү.

Пикир

Оставить комментарий