• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда 300 орундуу унаа токтоочу жай ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Ош мамлекеттик унисервитетинин (ОшМУ) "Ак-Буура" кампусунда унаа токтоочу жай ачылды.

Аталган окуу жайдын басмасөз кызматынан билдиришкендей, унаа токтотуучу жай Ош шаарындагы жол тыгындарын жоюу, жол коопсуздугунун алдын алуу максатында пайдаланууга берилди.

“Унаа токтотуучу жай жол тыгындарын азайтып, айдоочулардын коопсуздугун камсыздайт. Буга чейин каралбай турган аянт толугу менен реконструкциядан өтүп, атайын веложол үчүн асфальт басылган. Брусчатка төшөлүп, аянттын бир капталы толук жашылдандырылган эле. Бүгүн аталган аянтта 300 орунга ылайыкташкан унаа токтотуучу жай даярдалып, пайдаланууга берилди”, -деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Унаа токтотуучу жайдын курулуш иштери бир жыл мурун башталып, окуу жай тарабынан каржыланган. Эми аталган аймакта жайгашкан ОшМУнун факультеттеринин, колледждеринин окутуучулары, студенттери, медициналык клиникага, мечитке келген шаар тургундары аталган унаа токтоочу жайдан акысыз пайдалана алышат.

Пикир

Оставить комментарий