• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУнун делегациясы россиялык кесиптештери менен билим берүү тармагындагы кызматташууну талкуулады

Билим 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Екатеринбург шаарында Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков башында турган делегация Уралдын аймагынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын (ЖОЖ) ректорлору менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов жана консулдук мекеменин кызматкерлери Урал мамлекеттик экономика, Урал мамлекеттик медициналык, Урал мамлекеттик педагогикалык жана Урал федералдык университеттеринде ѳткѳн жогорку окуу жайлар аралык жолугушууларына катышты.

Ректор К. Кожобеков жана ОшМУнун делегациясы россиялык кесиптештери менен ЖОЖдор аралык билим берүү тармагындагы кызматташууну, студенттер менен мугалимдерди алмашып окутуу жана иштетүү, академиялык мобилдүүлүктү, адистерди биргелешип даярдоо жана кош диплом берүү мүмкүнчүлүктөрдү, илимий журналдарга макалаларды жарыялоо жана башка эки тарапты кызыктырган темадагы маселелерди талкуулашты. Ошондой эле ОшМУнун делегациясы университет жѳнүндѳ презентация жасады.

Р. Бийбосунов УМЭУнун ректору Яков Силин Яков менен жолугушуу учурунда кыргыз-орус кызматташтыгында билим берүү жана кадрларды даярдоо тармагы маанилүү экенин белгилеп, Башкы консулдук мындан ары да Кыргызстан менен Россиянын Урал аймагындагы ЖОЖдорунун өз ара аракеттенүүсү үчүн зарыл болгон колдоосун көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин 11-12-февраль күндөрү Ош мамлекеттик университетинин делегациясы Челябинск шаарындагы Түштүк Урал мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин, Челябинск мамлекеттик университетинин жана Түштүк Урал мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий