• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ошто 3 жаштагы баланы энеси сабаган, ал учурда комада

Аймак 0

Ош, 05.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында 3 жаштагы баланы энеси катуу сабап, натыйжада бала комага түшүп калган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 1994-жылы туулган А.Д., аттуу жашоочусу өзүнүн үч жаштагы баласын сабаган. Баласы өзүн жаман сезип жатканын көргөн эне аны Ош облустук ооруканага алып барган, ур-токмокко алганын жашырып, тепкичтен кулап кеткен деп билдирген.

“Баланын денеси көк ала болгон, абалы оор. Баш мээсине кан куюлуп кеткен. Учурда бала комада жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка ылайык, эне баласын жалгыз тарбиялап келет.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий