• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто студенттер менен манасчылардын жолугушуусу өттү

Аймак 0

Бишкек, 31.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун студенттери менен кыргыздын улуу манасчыларынын жолугушуу кечеси болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат катчысы Кубанычбек Жылкычы уулу билдирет.

Аталган иш-чара институттун алдындагы “Жаратман” чыгармачылык борбору жана Кыргыз-Россия факультети тарабынан студенттер арасында манас таанууну жайылтуу максатында уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас-мурас” коомдук фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу, “Манас” банкынын стипендианты, көптөгөн Республикалык жана эл аралык фестивалдардын лауреаты, акын жана манасчы Рысбай Исаков, белгилүү манасчы жана акын Салимбай Турсунбаев, жаш акын жана манасчы, Коомдук теле каналдын “Манас таануу” берүүсүнүн алып баруучусу Азиз Биймырза уулу, жаш манасчы Нурбек Талантбеков жана КРдин президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Мундузбек Абдыжапар уулу катышты.

Маалымдалгандай, жолугушуу эркин форматта болуп, мында келген коноктор, студенттерге “Манас” эпосунда бир топ табият сырлары, тил байлыгы, улуттук нарк –нсилдин, жашоонун үлгүсү жана тарбиянын башаты катылып жаткандыгын баса белгилешип, андагы мисалдарды келтирүү менен кызыктуу маалыматтарды айтып беришти. Ошондой эле кеченин жүрүшүндө келген манасчылар өздөрүнүн варианттарында манас эпосунан үзүнду айтышып, жаштардын бир топ кызыккан суроолоруна жооп берип өтүштү. Мындан тышкары окуу жайдын манасчы студенттери да коноктордун алдында манас айтышып, алардын батасын алышты.

Келген коноктордун дээрлик баары манасчылык менен бирге акындык өнөр менен мыкты ырларды жаратып келгендиктен, жолугушуунун экинчи бөлүгү поэзия багытында уланды. Мында акындар өз калемдеринен жаралган чыгармаларын окуп берүү менен студенттерге өзгөчө таасир калтырышып, жаштардын алкоосуна ээ болушту.

Эскерте кетсек, аталган өкүлдөр КТРКнын алдындагы “Манас таануу” долбоорунун негизинде 15 күндөн бери жер-жерлерде окуучулар ортосунда манас таануу боюнча интеллектуалдык таймаштарды уюштуруп келишүүдө.

Пикир

Оставить комментарий