• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ошто Абдыганы Абдувалиевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Бүгүн, 26-сентябрда ОшМУда Кыргызстандын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер Абдыганы Абдувалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Аны менен катар эле анын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгы белгиленүүдө.

Конференцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана өлкөнүн бардык аймагынан келген белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын ректорлору, кесиптештери, шакирттери катышууда. Коноктор Абдыганы Абдувалиевдин адамгерчилиги, ишмердүүлүгү, илимий эмгектери тууралуу айтып, мааракеси менен куттукташты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков анын устаттык сапатын жана окуу жайга кошкон салымын белгиледи.

Ал эми Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Бишкектеги жогорку окуу жайлардан келген окумуштуулар илимий баяндамаларын окушту. Конференциянын алкагында физика-математика илимдеринин доктору, профессор Самандар Искандаровго “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Күндүн экинчи бөлүгүндө математика, физика жана маалыматтык технологиялар боюнча баяндамалар жасалып, резолюция кабыл алынат.

Абдыганы Абдувалиев ОшМУда катардагы окутуучулуктан тартып, бөлүм башчы, кафедра башчы, декан, окуу иштери жана маалымат технологиялары боюнча биринчи проректор, өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор сыяктуу жогорку кызматтарды аркалаган. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, физика-математика илимдеринин кандидаты жана доцент. Учурда университеттин колдонмо информатика жана маалымат коопсуздугу кафедрасынын доценти кызматын аркалап келет. Илимпоз-окумуштуу катары беш окуу-методикалык колдонмо, 40тан ашуун илимий жана илимий усулдук макалаларды жазган.

Пикир

Оставить комментарий