Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Ош шаарында "Адабият ааламында" аттуу кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, кароо-сынак Улуттук адабият күнүнө карата мэрия жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулууда.
Кароо-сынакта Ош мамлекеттик университетинин факультеттеринин студенттери Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынын негизинде даярдалган сахналык көрүнүштөр жана А. Осмоновдун калемине таандык болгон ырларды аткаруу менен таймашат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук адабият күнүнө арналган концерттик программа көрсөтүлөт жана соңунда жеңүүчүлөр, жигердүү катышуучулар Ош шаарынын мэриясынын, ОшМУнун сыйлыктары менен сыйланат.
Иш-чара 10-декабрда аталган окуу жайдын имаратында өтөт.
Пикир
Оставить комментарий